МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШК кезектеги отурумда «“Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө” Жобону бекитти.

2017-жылдын 13-майында КР БШКнын жыйынында  “Маалыматтык шайлоо системасы жөнүндө” Жобо каралып бекитилди, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдери бекитилди.

БШКнын  структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине,атайын өкүлдөрө жана системалык администраторлорго, аймактык шайлоо комиссияларына   аталган Жобону жетекчиликке алып  иш жүргүзүү милдеттендирилди.
Мындан тышкары жыйында Түп, Ала-Бука, Токмок шаардык, Талас шаардык, Талас, Манас аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилди. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жергиликтүү кеңештердин депутаттарын каттоо жүргүзүлү,п аларга кабыл алынган үлгүдөгү төш белги жана күбөлүк тапшырылмакчы.

 

БШКнын басма сөз кызматы    

Карап чыгуулар: (1542). 14 Мая 2017 г.