МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата –Журт” Идеалисттик демократиялык саясый партиясынан” Өмүрбек Мирзараимович Бакировду Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттады

Бүгүн, 2011 – жылдын 26 – сентябрында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын  кезектеги жыйналышында күн тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата –Журт” Идеалисттик демократиялык саясый партиясынан” Өмүрбек Мирзараимович Бакировду  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттады.

Ушул эле жыйналышында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы  “Ата –Журт” Идеалисттик демократиялык саясый партиясынан” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат Сымбат Эсеналиеваны КРнын премьер – министринин 2011 – жылдын 23 – сентябрындагы №461 – буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалгандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. 

 

 

                 КР   Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз-кызматы

Карап чыгуулар: (807). 26 Сентября 2011 г.