КР Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана резерви үчүн тренинг өткөрөт |
2012-жылдын 11-13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Шайлоо системалардын эл аралык фондусунун жардамы менен “Энергетик” мейманкананын конференц-залында Бишкек АШК мүчөлөрү жана резерви үчүн шайлоо мыйзамдары тууралуу тренинг өткөрөт. Бишкек АШКнын мүчөлөрүн окутуу тренерлери катары КР БШКнын мүчөлөрү жана аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле Шайлоо системалардын эл аралык фондусунун эксперттери чыгып сүйлөшөт. Тренингдин программасы Кыргыз Республикасындагы шайлоо процессиндеги укуктук базасына, шайлоо мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчиликке, шайлоону маалыматтык камсыздоого, шайлоо алдындагы үгүткө, шайлоо өткөрүү мезгилде шайлоо комиссияларын финансылоого, талапкерлердин шайлоо фондусун уюштуруу мөөнөттөрүнө жана түзүү булактарына ж.б. тиешелүү маселелерди камтыйт. Тренингдин алкагында Бишкек АШКнын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялары, жана өкмөттүк эмес уюмдары, массалык маалымат каражаттары менен өз ара байланышуу жөнүндө пикир алмашуусу пландаштырууда. Ошондой эле, Бишкек АШК мүчөлөрүнүн статусуна, функцияларына, ыйгврыс укуктарына, аларды милдеттеринен бошотуу тартибине тиешелүү маселелер көтөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1962). 10 Апреля 2012 г. |