![]() Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо даярдоо боюнча иш чараларды өткөрүүдө |
2011-жылдын 22-декабрындагы № 29 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облусттарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн 2011-жылдын 27-декабрындагы жыйналышында, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу –практикалык иш-чаралардын Календардык планын бекитти. Шайлоо мыйзамдарга ылайык, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүктүү органдарынын өкүлдөрү тарабынан шайлоо округдардын схмалары жана чектери иштелип чыккан. Шайлоо округдардын схемалары жана чектери Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилип, “Эркин Тоо” газетасынын 2012-жылдын 13-январындагы чыгарылышында жарыяланган жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылган. Азыркы учурда, жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлоо даярдоо боюнча шайлоо участкаларын түзүү, шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча иш чаралар өткөрүүлүдө. Ошондой эле, иш чаралардын планы талапкерлердин көрсөтүү, каттоо боюнча иш аракеттерди жана ишиндеги кепилдиктерди жөнгө салат, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнү жана маалыматтык касыздоону, ошондой эле, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча окутуу семинарларын карайт Шайлоо дайындалган күндөн тартып, айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттарына талапкерлерди көрсөтүү болот. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Каракол, Чүй облусунун Токмок, Ош шаардык кеңештерине депутаттыкка талапкерлерди каттоо 2012-жылдын 2-февралында саат 24:00дө аяктайт, ал эми Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Коңорчок, Жерге-Тал, Жумгал районун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине депутаттыкка талапкерлерди каттоо 2012-жылдын 12-февралында саат 24:00дө аяктайт, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1653). 3 Января 2012 г. |