МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Тил комиссиясы жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизди

Бүгүн, 8-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Назарбек Нышановдун, Оомат Казакбаевдин, Асида Иманалиеванын жана Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.

Жыйналышта, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы токтом менен бекитилген  “Тил боюнча комиссия жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

Көрсөтүлгөн өзгөртүү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51-беренесинин 7-пунктуна ылайык киргизилди, ал жерде белгиленгендей, “Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди  билүүсүн текшерүү бардык талапкерлер үчүн  бирдей шартта өткөрүлөт. Мамлекеттик телекөрсөтүү талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо жол-жоболорун түз эфирде чагылдырууга милдеттүү”.

Конституциялык Мыйзамга ылайык, 12 адамдан турган Тил комиссиясы Борбордук Шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК), Талас облусунун Бакай-Ата АШКнын, Нарын облусунун Ак-Талаа АШКнын, Чүй облусунун Кемин, Панфилов АШКларынын, Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь АШКларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизишти.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 

Карап чыгуулар: (1960). 8 Августа 2011 г.