МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна алгачкы эки талапкерди каттады

Бүгүн, 2011-жылдын 20-сентябрында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-глвасына ылайык,  шайлоо күрөөсүн киргизүүнү тастыктаган документинин, Тил боюнча   комиссиянын жана   Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна  талапкерлердин берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча  Жумушчу топтун корутундуларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы «Ата-Журт» Мекенчил партиясы» саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Ташиев Камчыбек жана “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан Мадумаров Адахан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна  талапкерлер болуп катталышты. 

КР БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов катталган талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна  талапкердин күбөлүгүн тапшырды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 5-июлундагы №5 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоодогу кол чогултуу барактарынын формаларынын бузулушу  жана колтамгаларды  чогултуунун тартибин сакталбагандыгына байланыштуу  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна Акбаралы Айтикеевге талапкерликке  каттоодон баш тартылды.

 Тил боюнча комиссиясынын корутундуларынын негизинде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51 – беренесинин 1 – бөлүгүн жетекчиликке алып,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо жөнүндө” токтом кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна төмөндөгү талапкерлер мамлекеттик тилди билет деп таанылды, алар Ташиев Камчыбек, Мадумаров Адахан, Асанбеков Темирбек, Суваналиев Өмүрбек, Байболов Кубатбек, Текебаев Өмүрбек, Осмонов Курманбек, Султанов Марат, Масалиев Искак, Абдылдаев Арстанбек, Эгембердинев Өмүрбек, Иманкулов Марат, Калматов Анарбек, Колубаев Төрөбай, Медетбеков Шамшыбек, Исабеков Кубанычбек, Матубраимов Алманбет, Оморов Роман.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Респуьбликасынын айыл өкмөт башчыларынын күбөлүгүнүн формасын бекитти.

Ошондой эле, жыйында Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын  Басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1707). 20 Сентября 2011 г.