МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна жети талапкерди каттады

Бүгүн, 2011-жылдын 22-сентябрында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 – главасына ылайык, шайлоо күрөөсүн тастыктаган документтин, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жана Тил боюнча комиссиясынын корутундуларынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 – беренесинин 1 – бөлүгүнүн 2 – пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн К.К.Байболовду, М.А.Султановду, Р.О.Оморовду, Ө.И.Суваналиевди, “МЕКЕН Ынтымагы” саясий партиясынан Т.И.Асанбековду, “Ар-Намыс” саясий партиясынан А.Б.Калматовду, “ЭЛ бийлиги” саясий партиясынан Ш.О.Медетбековду   каттады.

БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов катталган талапкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердик күбөлүгүн тапшырды.  Ушул эле жыйналышта Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун ыйгарым укуктуу өкүлү Е.В.Смирновду каттады. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К. Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарымдарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 2011 – жылдын 4 – августундагы №48, №49, №53 – токтомдору менен катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Казиев Догдурбайдан, Жумагазиев Зарылдан, Айтбаева Айша Жалаловнадан келип түшкөн арыздардын негизинде ыйгарымдарын токтотуу жөнүндө маселе каралды.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 – беренесинин         4, 7, 8, 15 – бөлүктөрүнө, 22 – беренесинин 10 – бөлүгүнүн 1, 10 – пункттарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011 – жылдын 8 – июлундагы №7 – токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө” Жобого ылайык Чүй областынын Аламүдүн, Панфилов, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүү киргизди.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1687). 22 Сентября 2011 г.