МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентин шайлоо боюнча шайлоо документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн бекитти

Бүгүн, 8-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.

Күн тартибине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн, шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таратуунун тартиби жөнүндө Жобону бекитишти.

Боршайлоокомдун мүчөлөрү, “Республика” саясый партиясынан депутаттыкка талапкерлер Уран Мурадыловдун, Нурланбек Баймуратовдун, Венера Исалиеванын, Мирлан Жеенчороевдин, талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жана өз каалоосу менен депутаттык мандатты алуудан баш тартуу жөнүндө арызын карап чыгышып, республиканын мыйзамына ылайык алардын арыздарын канагаттандырды.

Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (“Республика” партиясы) Алтынай Өмүрбекованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Депутат А.Өмүрбекованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе, анын депутаттык ыйгарымдар менен төп келишпеген ишке өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына берген арызынын негизинде каралган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-пунктун жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы КР Жогорку Кеңешинин депутаты деп “Республика” саясый партиясынан Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичти каттады.

Жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов катталган депутат Ш.Абдыкеримовго белгиленген үлгөдөгү күбөлүктү жана төш белгини тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы.  

Карап чыгуулар: (1873). 8 Июля 2011 г.