МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2013-жылдын 24-сентябрына дайындады

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2013-жылдын 24-сентябрына дайындады

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Т.К.Байтемиров, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районундагы Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысы М.С.Кубатов өздөрү берген арыздарынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Соорбеков Таалай Нышанович айылдык кеңештин депутаттарынын Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына депутаттар ишеним көрсөтпөгөн 9-сессиясында 2013-жылдын 28-июнунда кабыл алынган айылдык кеңештин №1 токтомунун негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

Түп, Сокулук, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу милдети тапшырылган.

Ошондой эле, бүгүнкү жыйналышта Ош, Сузак, Ноокен, Тоң, Баткен шаардык, Алай, Ат-Башы жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (664). 5 Сентября 2013 г.