МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрдү

Бүгүн, 2012-жылдын 19-сентябрында саат 10.00 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз борборунда 10 аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди тандоо үчүн саясий партиялардын арасынан чучукулак өткөрдү. Атап айтканда, талапкерлерди тандоо Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Токмок, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялардын, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиялардын, Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиянын, Баткен облусунун Сүлүктү, Лейлек аймактык шайлоо комиссиялардын, Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине өткөрүлдү.

Чучукулак өткөрүүнүн жол жобосуна аймактык шайлоо комиссиялардын резервдерине талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты.

Эскерте кетсек, “Шайлоо комиссиялардын резервдерин түзүү жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын резерви Кыргыз республикасныны Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 5 жылдык мөөнөткө курамында 11 мүчөдөн кем эмес жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын жана саясий партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлөт. 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1797). 19 Сентября 2012 г.