![]() Борбордук шайлоо комиссиясы “Үймө үй кыдыруу аркылуу шайлоочулардын тизмелерин тактоо жөнүндө” жобону бекитти |
Бүгүн, 14-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кезектеги жыйынында БШК мүчөлөрү ар бир талапкер боюнча өзүнчө добуш берүү аркылуу Тил боюнча комиссиянын корутундуларынын негизинде Абылов Мамбетжунуска, Байгуттиев Сейтекке, Булекбаев Эркинге, Парманкулов Замирбекке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алды. Чечим чыгарууда БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 50-беренесинин 3-бөлүгүн, 51-беренесинин 1-бөлүгүн, 53- беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктун, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Темирбек Асанбековго кабарлоонун негизинде КР БШКнын 2011-жылдын 13-сентябрындагы токтому менен анын ыйгарым укуктуу өкүлү Рашитбек Алмаматовдун ыйгарым ченемдери мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Ошондой эле жыйында КР БШКнын 2011-жылдын 17-августундагы № 151 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган жетиштиктен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Боршайлоокомдун мүчөлөрү ушул эле жыйында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен “Үймө үй кыдыруу аркылуу шайлоочулардын тизмелерин тактоо жөнүндө” жобону бекитти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1928). 14 Сентября 2011 г. |