МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн шаардык кеңештеринин жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайланды деп табуу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана  референдум өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясынын жыйыны болду. Анда жергиликтүү кеңештеринин сессияларынын токтомдорунун негизинде, аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерлерди шайланган депутат деп табуу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу токтом кабыл алынды.

Жыйында ошондой эле Ысык-Көл областынын Каракол, Балыкчы шаардык кеңештеринин, Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр, Кара-Көл шаардык кеңештеринин, Талас областынын Талас шаардык кеңешинин сессияларынын токтомдору менен айрым депутаттардын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп жана кабыл алынган токтомдордун негизинде Каракол, Балыкчы, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Талас, Жайыл аймактык шайлоо комиссиялары  саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун тизмелериндеги депутат болуп  шайлангандардан кийин катталган талапкерлерди депутат деп табуу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу токтом кабыл алынды.

            Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  

 

 


Карап чыгуулар: (1713). 11 Июня 2013 г.