МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болду. Анда  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш, Ивановка жана Кең-Булуң айылдык кеңештеринин, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылдык кеңешинин сессияларынын токтомдору каралды. Жыйында токтомдун негизинде кабыл алынган аймактык шайлоо комиссияларынын тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын таануу жөнүндөгү чечимдери бекитилди. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини берүү тапшырылды.

             Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  

 

Карап чыгуулар: (1643). 28 Июня 2013 г.