МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин жана Ак-Суу районундагы Челпек, Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Таш-Дөбө айылдык кеңештеринин жаңы шайланган депутаттары бекитилди

Бүгүн Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаБорбордук комисиясынын жыйынында  республиканын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди. Анын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын  ордуна Маданбек Кылыев  Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты, Азамат Искаков Ак-Суу районундагы Челпек айылдык кеңешинин депутаты, Уланбек Жапаров  Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаты, Атыркүл Чекирова Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты болуп катталышты. Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилет.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы   

 

 

Карап чыгуулар: (1721). 4 Июля 2013 г.