Борбордук шайлоо комиссиясы шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизди |
Бүгүн, 25-августта Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) кезектеги жыйынында Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алынды. Атап айтканда, 6-пункт төмөндөгү мазмундагы сүйлөм менен толукталды: “шаардын мэрин шайлоону өткөрүү процедурасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шаардык кеңешинин регламентине ылайык ишке ашырылат”; 20-пункт - “шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт”; 31-пункт - “тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын”; 33-пункт - “протокол тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт”. Шаарлардын мэрлик кызматына бош орундар бар болгондугуна байланыштуу“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын 17 шаарларында мэрлерди шайлоону 2011-жылынын 27-августуна дайындалды. Мэрлердин шайлоосу төмөнкү шаарларда өткөрүлөт: облустук маанидеги : Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Баткен, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Токмок; райондук маанидеги: Исфана, Чолпон-Ата, Кочкор-Ата, Кара-Суу, Ноокат, Көк-Жаңгак. Бүгүнкү жыйында, Кыргыз Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Торобай Кулубаевдин, Марат Иманкуловдун, Гайша Ибрагимованын, Эркин Булекбаевдин, Уланбек Сооданбековдун, Токтайым Уметалиеванын, Алмазбек Каримовдун, Роман оморовдун, Нариман Тюлеевдин, Акылбек Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо мүчөлөрүнүн жазган арыздарынын негизинде, Талас облусунун Талас шаардык аймактык комиссиясынын, Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал–Абад облусунун Базар–Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди. Мындан тышкары, бүгүнкү жыйында, рефрендум өткөрүү боюнча демилгелүү топ өз арызын чакыртып алгандыгы жөнүндө кабарланды. Маалымат катары эскертебиз, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 – беренесинин 4 – бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 – беренесинин 1 – бөлүгүнүн 1, 2 – пункттарына ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Констиуциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча демилгелүү топту каттаган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2156). 25 Августа 2011 г. |