![]() Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту |
Бүгүн, 2012 –жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын депутаттары катары ыйгарым укуктары токтотулган парламентарийлердин ордуна партиялардын талапкерлеринин тизмелери боюнча “Ар-Намыс” саясий партиясынан К.К.Омурбеков, Э.А.Кочкаров, «Ата-Мекен» социалисттик саясий партиясынан Г.Дж. Бейшенбаева катталышты. Ошондой эле, жыйында, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилди жана Бишкек шаарынын Октябрь аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1429). 11 Января 2012 г. |