Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ысык-Көл жана Нарын олбластарындагы атайын өкүлдөрү жана тутумдук администраторлору үчүн окуу семинарларын өткөрүүдө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча атайын өкүлдөрдүн жана тутумдук администраторлордун административдик мамлекеттик кызматтарынын бош орундарын толуктоо сынагынын аяктагандыгына байланыштуу, ошондой эле, алардын квалификацияларын жогорулатуу максатында Борбордук Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы окутуу семинарын баштады. Окутуу семинары ушул жылдын 18-19-июнда Ысык Көл районундагы Бостериде айылында өткөрүлөт. Окутуу программасында Кыргызстандын шайлоо иштеринин укуктук негиздери, Борбордук шайлоо комиссияларынын аймактык атайын өкүлдөрүнүн жана тутумдук администраторлорунун ишин уюштурууну жакшыртуу жана алардын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты менен өз ара аракеттешүүсүнүн таасирдүүлүгүн арттыруу камтылган. Окутуу БШКнын аппаратынын кызматкерлеринин күчү менен өткөрүлөт. Ошондой эле, семинарда БШК төрагасы жана мүчөлөрү катышат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (1882). 18 Июня 2013 г. |