![]() КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын күбөлүгүнүн жана төш белгисинин үлгүсүн бекитти |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын күбөлүгүнүн жана төш белгисинин үлгүсүн бекитти. Кабыл алынган токтомдо Бишкек – саясий,экономикалык, илимий, административдик, тарыхый-маданий борбор, республиканын жогорку мамлекеттик бийлик органдары, элчиликтер, чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү жайгашкан жер, деп айтылат. Шаардык кеңеш Кыргызстандын борборунун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогорку өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1262). 14 Мая 2013 г. |