МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияларды шайлоо комиссияларынын курамын түзүү маселесине жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырууда

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) курманынын мүчөлүгүнөн саясий партиялардан да, өкүлчүлүктүү органдардан да (жергиликтүү кеңештер) көрсөтүлгөн талапкерлердин тездик менен чыгып кетип жатышкан тенденция түзүлүп жаткандыгын белгилөөгө аргасыз.

Алсак, акыркы мезгилде АШК курамдарын түзүүгө катышкан 27 саясий партиянын 11нүн өкүлдөрү АШК курамдарынан чыгып кеткен.

Атап айтканда, “Ак Шумкар” партиясынын өкүлдөрү (Жалал-Абад облусунун Ноокен АШК курамынан), “Бүтүн Кыргызстан” (Жалал-Абад облусунун Аксы АШК,  Ош облусунун Ноокат АШК), “Улуу Биримдик” улуттук-демократиялык партиясы (Жалал-Абад облусунун Токтогул АШК), СДПК ( Нарын облусунун Ак-Талаа АШК),  “Кыргызстан демократиялык кыймылы” партиясы ( Ак-Талаа АШК),  “Ата-Журт” (Тоң АШК), “За народ” (“Эл үчүн”) (Свердлов), “Эгемен Кыргызстан” (Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу АШК), “Ар-Намыс” (Тоң), “Мекен Ынтымагы” (Ноокен), “Туран” Демократиялык партиясы ( Аксы) чыгып кетишкен. Бардыгы АШК курамынан саясий партиялардан 11 мүчөсү чыгарылган, АШК резервинен партиянын 1 мүчөсү чыгарылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияларды Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө негизги звено болуп эсептелеген шайлоо комиссияларын түзүү маселесине жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат. Шайлоо комиссияларынын жаңы мүчөлөрүн окутуу каражатты гана эмес убакытты да талап кылаарын эскерте кетмекчибиз, ал болсо күндөн күнгө азайып бара жатат.

Ошондой эле АШК курамынан өкүлчүлүктүү органдан өкүлдөрүнүн 12 мүчөсү, АШК резервинен 3 мүчөсү чыгып кеткен.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык шайлоо системасы үч деңгээлдеги болуп эсептеленээрин эскертет-участкалык шайлоо комиссиялары (УШК), аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) жана Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК).

Бүгүнкү күнгө республика боюнча 58 аймактык шайлоо комиссиялары түзүлүп иш алып барышууда.

15-августта аяктоочу участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын түзүүнү аймактык шайлоо комиссиялары жүргүзүшкөн.

Бардыгы республика боюнча 2289 шайлоо участкалары түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде жашаган жана турган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын элчилик өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймактарында добуш беришет. Дүйнөнүн 23 өлкөсүнө 29 шайлоо участкалары ачылат.

2011-жылдын 30-октябрында кыргызстандыктар өздөрүнүн тарыхый тандоосун өткөрүшөт. Бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн милдети-жарандардын добуштарын саноо жана башка иш аракеттер шайлоо мыйзамына ылайык адилет, ачык өтүшү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун мыйзамдуулугун, ачыктыгын камсыз кылуу.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1408). 15 Августа 2011 г.