МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тапшырган кол тамга баракчаларын контролдук текшерүү жүргүзөт

2011-жылдын 30-сентябрында, 1,2-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Т.Уметалиева, А.Абышев, У.Сооданбеков, К.Арабаев, Н.Тюлеев, Бакир уулу Турсунбай, Т.Колубаев, С.Дыйканов тапшырган кол тамга баракчаларына контролдук текшерүү жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, өкмөттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн тапшырган кол тамга баракчаларынын тууралыгын текшерүү процедурасынын мониторингине катышууга чакырат.

Кол тамгалардын тууралыгын текшерүү боюнча иштер 4-кабаттагы жыйындар залында саат 10.00дө башталат. Жыйындар залына инсандыгын тастыктоочу документ менен кирүүгө болот.

 

         Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын басма сөз кызматы

 

 

 

 

Карап чыгуулар: (807). 29 Сентября 2011 г.