МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Борбордук комиссиясы түшүндүрөт:

Айрым маалымат агенттиктеринин сайттарында “Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо участкаларынан келип түшкөн  добуш берүү протоколдорунун түп нускаларын  иштеп чыкты”  деп айтылууда.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма соз кызматы аймактык шайлоо комиссиялардын (АШК) протоколдорун жана добуш берүү жыйынтыктары тууралуу жыйынды таблицаларын кабыл алуу  боюнча Жумушчу топтун мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдорду кабыл алып жаткандыгын түшүндүрөт.  Кабыл алынган протоколдор кандайдыр бир иштеп чыгууну талап кылбайт.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына добуш берүү протоколдорунун түп нускалары  участкалык шайлоо комиссияларынан эмес, аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшүп  жаткандыгын  белгилей кетүү зарыл.

2011-жылдын 8-ноябрына карата  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына 58 аймактык шайлоо комиссияларынан 56 протоколдор жана жыйынды таблицалар келип түштү.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 29-октябрындагы №34 буйругу менен Кыргыз Республикасынын аймагында  жана андан тышкары жерлерде шайлоолорду уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссиялардын протоколдорун жана добуш берүү жыйынтыктары тууралуу жыйынды таблицаларын кабыл алуу  боюнча Жумушчу топ түзүлгөн.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2414). 8 Ноября 2011 г.