![]() КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамын бекитти |
Бүгүн, 2012-жылдын 27-февралында кезектеги жыйналышында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,6,7-пункттарына, 19-беренесинин 1,2,4,6,7,8,13-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө” Жобого, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө” 2012-жылдын 25-январындагы № 18 токтомуна ылайык, ошондой эле 2012-жылдын 27-февралындагы чучукулактын протоколунун негизинде, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамын бекитишти. Анын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан 6 талапкер, саясий партиядан 6 талапкер киргизилди. Баардыгы Бишкек АШК курамына 12 мүчө бекитилди. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына саясий партиядан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору 2012-жылдын 10-февралына чейин кабыл алынды. Баардыгы саясий партиялардан 25, ал эми ЖӨБтөн 106 көрсөтүү жөнүндө протокол келип түштү. Ушул эле жыйналышта, КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын–айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө” токтом кабыл алышты. Бул токтомго ылайык, шайлоо 2012-жылдын 23-24-мартында өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1483). 27 Февраля 2012 г. |