МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин формаларын бекитти

Бүгүн, 16-сентябрда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышында, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 20-майындагы №49 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын референдумдарына катышуучуларын, шайлоочуларды эсепке алуунун Мамлекеттик тутуму жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөр киргизилди. Бул токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоолорду уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссиясы (ТИМ)   Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары түзүлгөн ар бир шайлоо участка боюнча  Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда жашаган же жүргөн, консулдук тарабынан эсепке алынган Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө маалыматтарды №6 Форма, ар бир шайлоочунун паспортунун көчүрмөсү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына 2011-жылдын 25-сентябрына чейин тапшырат.

Жыйналышта, Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде жалпыга тааныштыруу үчүн;  Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде шайлоо өткөрүү үчүн түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин формалары бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү  “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жөнүндө” Жобого толуктоолорду киргизүү менен кабыл алды.  

Борбордук шайлоо комиссиясы, өзүнүн жыйналышында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолорду жүргүзүү графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом бекитилди. Бул токтомго ылайык, 2011-жылдын 22-сентябрына белгиленген Семеновский айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын катынын негизинде кийинки күнгө – 23-сентябрга жылдырылды.

Ушул эле токтом менен Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жана Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыларынын шайлоосу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан эмгек талаштары каралып бүтүшүнө чейин токтотулду.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

 

Карап чыгуулар: (1577). 16 Сентября 2011 г.