Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн КР ЖМКларын акредитациялады |
Бүгүн, 21-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын акредитациялоо тууралу маселени карады. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди, шайлоо алдында үгүттөө 2011-жылдын 25-сентябрында башталат жана у.ж. 29-октябрында аяктайт. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24,25-беренелерине ылайык, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтү телеберүү, радио жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын басылмалары аркылуу жүргүзүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясына акредитациялоого бардыгы 40 телерадиокомпаниядан жана 103басма сөз басылмаларынан арыз түшкөн. Мындан тышкары Боршайлоокомго акредитациялоо үчүн 11 маалыматтык агенттиктери кайрылышкан (интернет-ресурстар), алардын шайлоо алдындагы үгүткө катышуусу “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамда каралган эмес. “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарына газеталар, журналдар, алардын тиркемелери, альманахтар, китептер, бюллетендер, такай аты бар, элге таркатуу үчүн дайындалган бир жолку басылмалар, ошондой эле мамлекеттик органдар, маалыматтык агенттиктер, саясый, коомдук жана башка уюмдар, жеке адамдар чыгарган теле жана радио берүүлөр, кино жана видео студиялар, аудиовизуалдык жазуулар, программалар кирет. КР Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн КР ЖМКларын акредитациялоо маселесин талкуулоонун жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясы токтом кабыл алды, ага ылайык акредитациялангандардын тизмеси бекитилди (40 телерадиокомпания жана 103 басма сөз басылмалары).
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1994). 21 Июля 2011 г. |