![]() Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн жаңы регламентин талкуулоодо |
Бүгүн, 11-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. Күн тартибине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү КР БШКнын жаңы Регламентин карап чыгышты. Талкуулоодон кийин Регламенттин долбоорун кошумча иштеп чыгууга жиберүү чечими кабыл алынды. Мындан тышкары БШК мүчөлөрү “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушча топ жөнүндө” жоболорду карап жана бекитишти. Шайлоо мезгилинде, БШКда бүгүн кабыл алынган токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ түзүлөт. Жыйналышта БШК мүчөлөрү шайлоо алдындагы үгүткө катышкан ЖМКларды аккредиттөөнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилиндеги алардын ишинин тартибин бекитишти. Ошондой эле БШК мүчөлөрүнүн кароосуна “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык (чет элдик) байкоочулардын статусу жана ыйгарым укуктары, иш аракеттеринин тартиби жөнүндө” Жобо киргизилди жана бекитилди. Ошондой эле, КР БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун сунушу боюнча БШК мүчөлөрү токтом талкуулашты жана кабыл алышты, ага ылайык БШК Жогорку Кеңешке жана Өкөмөткө КР БШК кызматтык адамдарынын, мамлекеттик кызматкерлеринин жана КР БШК Аппаратынын башка кызматкерлеринин эмгек акысынын шарттарын жана алардын өлчөмдөрүн КР парламентинин, Өкмөтүнүн кызматтык адамдарынын, мамлекеттик кызматкерлеринин жана Аппаратынын башка кызматкерлеринин эмгек акысынын шарттары жана алардын өлчөмдөрү бирдей мааниде белгилөө боюнча кайрылат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы. |
Карап чыгуулар: (2012). 11 Июля 2011 г. |