МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын курамын түздү

Бүгүн, 25-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы кезектеги жыйналышын өткөрдү.

Боршайком күн тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Дамира Токтосунованын жана Нурлан Мотуевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.

Жыйналышта ошондой эле  республика боюнча аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө БШКнын токтому кабыл алынды. Аталган токтомго ылайык аймактык шайлоо комиссиялары Сузак районунан башкасында калыптандырылган. Маселени талкуулоонун жүрүшүндө аталган райондун кеңеши БШКнын ченемдик-укуктук актысы талап кылган кезексиз сессияны өткөрбөгөндүгү, аймактык шайлоо комиссияларынын курамынын тизмеси райкеңештин президиумунда бекитилгендиги белгилүү болду. БШК аталган райондо аймактык шайлоо комиссияларына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө тийиштүү документтерди кабыл алууну 2011-жылдын 28-июлуна чейин узартууга токтом кабыл алды. Бул маселеге БШК ушул жылдын 29-июлунда кайрадан кайрылат.

Ушуга байланыштуу, ошондой эле Бишкек шаарынын Свердлов жана Октябрь райондорунун, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлери боюнча келип чыккан тактоолордон улам КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын курамы тууралу токтом кабыл алды.

Аймактык шайлоо комиссияларынын курамына саясый партиялардын, коомдук уюмдардын, шайлоочулардын чогулуштарынын өкүлдөрүн көрсөтүү 2011-жылдын 15-июлунда аяктады. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өз талапкерлерин 27 саясый партия көрсөткөн.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык өлкөнүн шайлоо системасы үч деңгээлдеги-участкалык шайлоо комиссиялары (УШК), аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) жана Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) деп тураарын эскертип кетмекчибиз.

Республика боюнча 58 аймактык шайлоо комиссиялары түзүлөт. Участкалык шайлоо комиссияларын түзүү менен аймактык шайлоо комиссиялары алектенишет. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү у.ж.10-августунда аяктайт жана жана алардын курамын түзүү у.ж. 15-августунда аяктайт.

Боршайком ошондой эле бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Куштарбек Айтматовдун (“Республика” саясый партиясы) ыйгарым укуктарын анын берген арызына ылайык мөөнөтүнөн мурда токтотту.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы 

 

Карап чыгуулар: (2546). 25 Июля 2011 г.