МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргызстандын Боршайлоокому КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш чаралардын Календарлык планын бекитти

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2011-жылдын 5-июлундагы өзүнүн жыйналышында КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чаралардын Календарлык планын бекитти.

Республиканын шайлоо мыйзамына ылайык даярдык иш чаралары шайлоо комиссияларын түзүү, шайлоо участкаларын уюштуруу, шайлоочулардын тизмесин түзүү багыттарында жүргүзүлөт. Иш чаралардын планы ошондой эле талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана иштеринин кепилдигин, шайлоо алдындагы үгүттү маалыматтык камсыз кылууну жана жүргүзүүнү, эл аралык байкоочулар менен иштөө боюнча жана коомчулук менен байланыш аракеттерин жөндөйт.

Планды талкуулоонун жүрүшүндө БШК мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 15-июлунда аяктайт, алардын курамын түзүү ү.ж.25-июлунда аяктайт деген чечим кабыл алышты. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү процесси 2011-жылдын 25-июлунда, аларды түзүү 2011-жылдын 1-августунда аяктайт. Шайлоо участкаларын түзүү 2011-жылдын 15-июлунда аяктайт.

Планга ылайык шайлоо комиссияларынын кадрларынын квалификациясын жогорулатуу 2011-жылдын 1-августунан башталат.

Жыйналышта БШК мүчөлөрү ошондой эле шайлоо комиссияларынын толук кандуу ишин камсыз кылыш үчүн КР Конституциясынын жана шайлоо мыйзамдарынын китепчелерин басып чыгаруу тууралу чечим кабыл алышты.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалганы белгилүү.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планы

 


Карап чыгуулар: (2248). 5 Июля 2011 г.