МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Боршайлооком Токмок аймактык шайлоо комиссиясын түздү

Бүгүн, 2012-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өтүп, анда төрт маселе каралды.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн
1-2-пункттарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык КР БШК мүчөлөрү Чүй облустунун Аламүдүн, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын, Ысык-Көл облустунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизишти.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-2-4-6-15-бөлүктөрүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 28-мартындагы № 55 “2012-жылдын
4-мартында Чүй облустунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жана добуш берүүнүн натыйжасын бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде КР БШК мүчөлөрү Чүй облустунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамын түзүштү.

Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү “Жергиликтүү өз алдынча бакашруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө чыгымдарды бекитүү жөнүндө” токтомун жана “Чүй облустунун Токмок шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди депутаттык мандатты алууда тизмеден чыгаруу жөнүндө” чечим кабыл алышты.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

 

Карап чыгуулар: (2247). 5 Апреля 2012 г.