КР БШКнын мүчөлөрү 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу эл аралык байкоочуларды аккредитациялады |
Бүгүн, 2012-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болду. КР БШКнын мүчөлөрү Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Жайыл, Панфилов, Ак-Талаа жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу эл аралык байкоочу катары аккредитациялады. Атап айтканда, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын экиден өкүлү, Улуттук демократиялык институттан жана Эл аралык республикалык институттан бирден өкүл эл аралык байкоочу катары аккредитацияланды. Бишкек шаарынын прокурору Т.Кожоновдун жана Ош облусунун Өзгөн районунун прокурору С.Мамыровдун тиешелүү түрдө Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Тулобаевди жана Куршаб көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Б.Каримовду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштарын карап чыгуу жөнүндө маселени КР БШКнын мүчөлөрү четке какты. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1671). 12 Ноября 2012 г. |