МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын - шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын кайра шайлоону дайындашты

Бүгүн 2013-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы өттү.

Жыйналышта, КР БШК мүчөлөрү “Ар-Намыс” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Мамытов Токтокүчүк Болотбековичтен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн арызынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 18-январындагы ПЖ № 9 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы кызматына дайындалгандыгынын негизинде, анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алышты.

Анын ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп Мадалиев Нуркамил Алишевич катталган.

КР БШКнын мүчөлөрү Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизишти.

Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитишти.

Мындан тышкары, КР БШК мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын  - шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын кайра шайлоону 2013-жылдын 12-февралына дайындашты

Төмөндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын  - шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын кайра шайлоонун графиги берилет.

 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайталап шайлоону өткөрүүнүн графиги

Чүй облусу 

Катар №  

Айыл өкмөтүнүн аталышы

Шайлоону өткөрүү датасы

Кайталап шайлоону өткөрүүнүн себеби

Жайыл району

  1.  

Полтавка 

12.02.2013-ж.

Депутаттардын кворумунун жоктугу

Москва району

  1.  

Предтеченка

12.02.2013-ж.

Добуштардын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» берилген

  1.  

Петровка 

12.02.2013-ж.

Добуштардын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» берилген

Панфилов району

  1.  

Кайыңды шаары 

12.02.2013-ж.

Катталган талапкерлердин жоктугу

Сокулук району

  1.  

Жаңы-Жер           

12.02.2013-ж.

Добуштардын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» берилген

Ысык-Ата району

  1.  

Кочкорбаев 

12.02.2013-ж.

Талапкерлер зарыл сандагы добуштарды алган эмес

 

Нарын облусу

 

Жумгал району

  1.  

Түгөл -Сай

12.02.2013-ж.

Жалгыз талапкер зарыл сандагы добуштарды алган эмес

 

Баткен облусу

  1.  

Баткен шаары 

12.02.2013-ж.

2-турдун натыйжалары боюнча талапкерлер зарыл сандагы добуштарды алган эмес

Кадамжай району

  1.  

Масалиев

12.02.2013-ж.

2-турдун натыйжалары боюнча талапкерлер зарыл сандагы добуштарды алган эмес

 

Ош облусу

 

Араван району

10.   

Нурабад

12.02.2013-ж.

Жалгыз талапкер зарыл сандагы добуштарды алган эмес

Алай району

11.   

Ленин

12.02.2013-ж.

2-турдун натыйжалары боюнча талапкерлер зарыл сандагы добуштарды алган эмес

         

 

Ысык-Көл облусу

 

Ак-Суу району

12.   

Теплоключенка

12.02.2013-ж.

Добуштардын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» берилген

Жети-Өгүз району

13.   

Тамга 

12.02.2013-ж.

Эки талапкер бирдей сандагы добуштарды алган

 

Талас облусу

 

Бакай-Ата району

14.   

Миң-Булак 

12.02.2013-ж.

Добуштардын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» берилген

 

Жалал-Абад облусу

 

15.   

Майлуу-Суу шаары 

12.02.2013-ж.

Депутаттардын кворумунун жоктугу

16.   

Жалал-Абад шаары 

12.02.2013-ж.

Депутаттардын кворумунун жоктугу

Аксы району

17.   

Кара-Жыгач

12.02.2013-ж.

Депутаттардын кворумунун жоктугу

Сузак району

18.   

Көк-Жаңгак  шаары 

12.02.2013-ж.

Депутаттардын кворумунун жоктугу

Тогуз-Торо району

19.   

Тогуз-Торо

12.02.2013-ж.

Жалгыз талапкер зарыл сандагы добуштарды алган эмес

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 

Карап чыгуулар: (2162). 30 Января 2013 г.