КР БШКнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындады |
Бүгүн, 2013-жылдын 10-январында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өттү. КР БШКнын мүчөлөрү Чүй облусунун Кемин, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын, Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди. «Нарын облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы №154 токтомунун 15-пунктунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1, 2, 4, 6-бөлүктөрүнө ылайык, КР БШКнын мүчөлөрү Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамын түздү. КР БШКнын мүчөлөрү «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү графигине ылайык, шаарлардын мэрлерин шайлоо – 20 шаарда, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 250 айылдык аймакта 2013-жылдын 28-январынан тартып 2-февралына чейин өтөт. Ошондой эле жыйналышта КР БШКнын мүчөлөрү Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак жана Чет–Нура айылдык кеңештеринин жана Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитти. Мындан тышкары, КР БШКнын мүчөлөрү «Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы №155 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1988). 10 Января 2013 г. |