Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү К.Осмоналиев жана А.Эшимов Кыргызстан менен Монголиянын шайлоо комиссиялары ортосундагы эки тараптуу келишимдин алкагында 2017-жылдын 26-июнундагы Монголиянын Президентин шайлоого мониторинг жасоого катышууда.
Программа боюнча БШКнын мүчөлөрү Монголиянын шайлоо комиссиясынын Башкы төрагасы Ч.Содномцэрэн менен жолугушту. Анын айткандарына караганда Президенттикке атаандашкан үч талапкерди Монголиянын парламентиндеги саясий партиялар көрсөткөн.
Өз кезегинде К.Осмоналиев Кыргыз Республикасындагы жаңы шайлоо модели, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча, Президенттикке талапкерлерге коюлган талаптар, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы шайлоо мыйзамындагы жаңы толуктоолор жөнүндө айтып берди.
Мындан тышкары БШКнын мүчөлөрү КР БШКнын төрагасынын атынан Монголиянын шайлоо комиссиясынын Башкы төрагасын Кыргыз Республикасында күздө өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого байкоочу катары катышып берүүнү сунушташты жана мындан ары эки мамлекеттин шайлоо комиссиялырынын ортосундагы кызматташтык чыңдала берээрине ишенгендик билдиришти.
Маалымат ирээтинде: 2015-жылдын 23-декабрында Улан-Батор шаарында Кыргыз Республикасы менен Монголиянын шайлоо комиссиялары ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол коюлган.



КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
|