МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШК мүчөлөрү Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялары үчүн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түстүү кагазда даярдоо тууралу чечим кабыл алышты

Бүгүн, 2012-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү, анда КР БШК мүчөлөрү 3 маселени карашты.

КР БШК мүчөлөрү Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын жана Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизишти.

Жыйналышта КР БШК мүчөлөрү тарабынан Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялары үчүн добуш берүүнүн жыйынтыктры тууралу протоколдорду даярдоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Чечимге ылайык протоколдор  “Континент”  ЖЧК басмаканасында саны 406 даанада түстүү кагазда даярдалат.

Ошондой эле жыйналышта КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 17-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-январындагы
№ 11 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын референдумдарын даярдоого жана өткөрүүгө, Президентин, Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоого байланышкан архивдик документтерди сактоонун жана берүүнүн тартибине” ылайык  2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча “Учкун” ААКда сакталууда турган шайлоо бюллетендерин жок кылуу боюнча комиссияны түзүүнү чечишти.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1200). 22 Ноября 2012 г.