![]() БШКнын мүчөлөрү Армения республикасындагы парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышып келишти | |
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда БШКнын мүчөлөрү Н.Т. Арипов, К.М. Осмоналиев жана БШКнын Аппаратынын кызматкери Э. Үтүров эки тараптуу кызматташуунун алкагында жана КМШ өлкөлөрдүн миссиясынын тутумунда Арменияда өткөн парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышып келишти. Маалыматка ылайык Армениядагы шайлоого беш партия жана төрт бирикме ат салышты. Болуп өткөн шайлоо Армениядагы Конституцияга түзөтүү киргизилгенден кийинки биринчи парламенттик шайлоо болуп саналат. Шайлоо республиканын мыйзамына ылайык өттү. Азыр Армения парламенттик башкаруу формасына өткөн республикалардын катарына кирди. Ереванда Кыргызстандык делегация шайлоо учурундагы добуш берүү участокторунун ачылышы менен жабылышына, шайлоолордун өтүшүнө жана бюллетендерди саноо процессине көз салышты. Мындан тышкары Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т. Мукучян кыргыз делегациясын кабыл алып, республикадагы парламенттик шайлоо тууралуу кенен маалымат берди.
| |
Карап чыгуулар: (952). 10 Апреля 2017 г. |