КР БШК мүчөлөрү айыл өкмөт башчыларын шайлоонун добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти |
Бүгүн, 2012-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өттү. Жыйналышта, КР БШК мүчөлөрү Кадамжай, Ала-Бука, Бакай-Ата, Алай, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиялардын айыл өкмөт башчыларын шайлоонун добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти. Ошондой эле БШКнын мүчөлөрү “Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Суу айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомду кабыл алышты, токтомго ылайык, аталган аймактын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо 2012-жылдын 16-июлуна дайындалды. Жыйналышта, Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөр киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2119). 2 Июля 2012 г. |