МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШК мүчөлөрү Лейлек, Тогуз-Торо, Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын 2012-жылдын 4-мартында өткөн айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө протоколдорун бекитти

Бүгүн, 2012-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышы болуп өтүп, анда КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 4-мартында өткөн айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө Лейлек, Тогуз-Торо, Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитти.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 2-бөлүгүнө,
62-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төшбелгиси жөнүндө жобону бекитүү тууралу токтом кабыл алынды. Токтомго ылайык “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын
29-августундагы №205 токтомунун № 5 тиркемеси күчүн жоготту деп таанылды.

Жыйналышта ошондой эле КР БШК мүчөлөрү 2012-жылдын 6-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти жана Ош областынын Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизишти.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1717). 16 Марта 2012 г.