![]() Швейцариянын Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рене Холленштейн:"Кыргызстан чыныгы демократиялык шайлоолорду өткөрүүдө аймакта үлгү болууда" |
2017-жылдын 21-июнунда КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекованын Швейцариянын Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Рене Холленштейн менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Н.Шайлдабекова өлкөдө жүргүзүлүп жаткан шайлоо реформасына туруктуу жана иштиктүү колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн Элчи Холленштейнге ыраазычылык билдирди. “Швейцариянын Өкмөтүнө жана жеке Сизге көрсөтүп жаткан колдооңуздар үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет, биз муну абдан жогору баалайбыз”,-деп белгиледи Борборшайлоокомдун төрагасы. Жолугушуунун жүрүшүндө БШКнын башчысы Элчи Холленштейнди КРнын Президентин шайлоого карата көрүлүп жаткан даярдыктын жүрүшү менен тааныштырды. Шайлоону уюштурууну жакшыртуу боюнча кабыл алынып жаткан чараларды жана мындан аркы реформалоонун милдеттерин жана негизги принциптерин талкуулоо менен БШКнын башчысы шайлоо процессине автоматтык эсептөөчү урналардын киргизилиши ар бир жарандын добушун анык эсептөө системасын түзүүгө, шайлоочулардын добушун так, калыс эсептөөгө жана өлкөдөгү шайлоо процесстеринин жыйынтыгын чыгарууга өбөлгө түздү. Өз кезегинде Элчи Холленштейн төрага Н.Шайлдабековага кенен маалымат бергени үчүн ыраазычылык билдирди жана “биз көрүп тургандай, КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы таза жана адилет шайлоо өткөрүүнү камсыз кылууга багытталган чоң иштерди жүргүзүүдө. Кыргызстан мындан улам чыныгы демократиялык шайлоолорду өткөрүүдө аймакта үлгү болууда жана Швейцариянын Өкмөтү Кыргызстан менен болгон мындай үзүрлүү кызматташтыкты жактырат”, - деп белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып тараптар ортодогу мазмуундуу жолугушуу жана кызыктуу талкуу үчүн бири бирине ыраазычылык айтышты жана мындан аркы үзүрлүү кызматташтыкка ишеним билдиришти. Эске салсак, 2015-жылы, Кыргызстандын шайлоо системасын реформалоонун башталышында Швейцариянын Өкмөтүнүн колдоосу менен алгачкы 200 автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) сатылып алынган жана ошол эле жылдын жазында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ийгиликтүү сынактан өткөн. АЭУ биометрикалык маалыматтарды чогултуу жана жарандарды биометрикалык идентификациялоо технологиясы менен бир катарда шайлоо реформасынын негизи болуп калганын белгилей кетүү маанилүү. Аталган жаңылануулардын аркасы менен шайлоо жыйынтыгын бурмалоонун ар кандай мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды жана бүгүнкү күндө Кыргызстандагы шайлоо процесстери ачык, адилет жана таза өтүүдө. КР БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү |
Карап чыгуулар: (1190). 25 Июня 2017 г. |