МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын делегациясы Азербайджан Республикасынын Президентин шайлоосуна байкоосуна катышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын делегациясы, курамында КР БШКнын төрагасы Т. Абдраимов, КР БШКнын мүчөсү Ж.Акматов, КР БШК аппаратынын кызматкери Б.Максутбаев, 2013-жылдын 9-октярында Азербайджан Республикасынын Президентин шайлоосуна байкоо жүргүзүүгө катышты.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү  Азербайджан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана КМШ өлкөлөрүнүн Аткаруу комитети тарабынан эл аралык байкоочу катары шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшү менен таанышуу үчүн чакырылган.

КР БШК байкоочулары шайлоо ачык, айкын жана Азербайджан Республикасынын мыйзамдарына ылайык өттү деп баалашты.

Өлкөнүн Президенти болуп кайрадан учурдагы мамлекеттин башчысы И. Алиев шайланды.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1467). 11 Октября 2013 г.