Кыргыз Республикасынын делегациясы Корея Республикасынын Улуттук чогулушунун депутаттарынын 20-шайлоосуна байкоочу катары катышты |
Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү Корея Республикасынын Улуттук чогулушунун депутаттарынын 20-шайлоосуна байкоочу катары катышты. Делегациянын курамына Жогорку Кеӊештин депутаты Иса Омүркулов, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитетитинин секторунун башчысы Шабданбек Алишев жана БШКнын аппарат жетекчисинин орун басары Айбек Жолбунов кирди. Шайлоого чейин 12-апрелде Кыргызстандан барган делегаттар 2016-жылдагы шайлоо системаларды өркүндөтүү боюнча Сеулдук эл аралык форумга катышты. Форумдун алкагында Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын башкы секретары (A-WEB) 2015-жылдагы жаӊы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар колдонулган Кыргыз Республикасында өткөн парламенттик шайлоосуна өзгөчө көӊүл бурду. Башкы секретарь маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонунуунун натыйжасында Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоосу таза жана адилеттүү өткөрүлгөндүгүн белгиледи. Форумдун жүрүшүндө БШКнын аппарат жетекчисинин орун басары Айбек Джолбунов өзүнүн баяндамасында 2015-жылдын 4-октябрындагы парламенттик жана 2016-жылдын 27-мартындагы айрым жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоодо маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуунун оӊ тажрыйбасын айтып өттү. Шайлоо күнү, 13-апрелде Кыргызстандан делегациясынын мүчөлөрү Сеул шаарындагы шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүздү. Улуттук чогулуштун депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып, делегаттар шайлоо жогорку деӊгээлде жана атаандаштыкта өткөндүгүн белгилешти.
|
Карап чыгуулар: (1414). 21 Апреля 2016 г. |