МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Бүгүн, 2016-жылдын 3-февралында КР БШКнын отурумунда, “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинен шайланган, Жогорку Кеңешинин депутаты Урмат Ишенбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды.

Ошондой эле, КР БШК 2016-жылдын 27-мартына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкан жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелери катары болуп “РСК Банк” жана “Айыл банк” ААКларын  белгиледи.

Отурумда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдери бекитилди. 

Карап чыгуулар: (510). 3 Февраля 2016 г.