![]() Венециан комиссиясынын эксперттери КР БШКнын мүчөлөрү жана кызматкерлерине “Шайлоо учурунда ЖМКлар менен иштөө жана алардын ролу” темасында семинар өткөрүштү. |
Бүгүн 19-майда Бишкектеги Парк-Отель мейманканасында Венециан комиссиясынын эксперттери Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрү жана аппарат кызматкерлерине шайлоо учурунда “Массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери менен иштөө жана алардын ролу” тууралуу семинар өткөрүштү. Семинардын катышуучуларын Борборшайлоокомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов жана Европа Советинин Венециан комиссиясынын Борбордук Азиядагы долбоорунун менеджери Светлана Анисимова куттукташты. “Интерньюс-Украинанын” өнүктүрүү боюнча директору, шайлоо укугу боюнча эксперти, Европа Кеңешинин Венециан комиссиясынын эксперти Евгений Радченко “Шайлоо учурунда ЖМКлардын жооптуулугу“ темасындагы докладынын бет ачарын өткөрдү. Ошондой эле семинардын катышуучуларын Европа Советинин Венециан комиссиясынын эксперти, “Платформа прав человека” уюмунун аткаруучу директору, Украинанын көз каранды эмес медиосоветинин мүчөсү Александр Бурмагин “Шайлоо процессинин субьектилери менен ЖМКлардын ортосундагы талаш-тартыштарды кароо” тууралу доклады менен тааныштырды. Семинардын акырында Венециан комиссиясынын эксперттери жыйын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти.
БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү |
Карап чыгуулар: (937). 19 Мая 2017 г. |