МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШК башчысы Н. Шайлдабекова: Шайлоолордун ортосундагы мезгилдебардык урналар Бишкек мененОш шаарларынын атайын кампаларында сакталат

10-декабрда “Кыргыз Республикасындагы шайлоо реформасы: жетишкендиктер жана мындан ары өнүгүү” деген темадагы “тегерек столдун” жүрүшүндө референдумга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келишкен эл аралык байкоочулардын суроолоруна жооп берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нуржан Шайлдабековашайлоолордун ортосундагы мезгилде техникалык түзүлүштөрдүн сакталышы тууралуу айтып берди.

Анын айтуусу боюнча бардык урналар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек менен Ош шаарларындагы атайын кампаларында сакталат. “Техникалык түзүлүштөрдү сактоо убагында тийиштүү режим камсыздалат. Техника ишеничтүү экенин далилдеди жана өзгөчө күтүүнү талап кылбайт”, деди Н.Шайлдабекова. Ошондой эле БШК башчысы шайлоо учурунда иштей турган операторлор окутуудан өтүшкөнүн белгиледи. “Өткөн жылы шайлоодо операторлордун техникалык жана тейлөөчү топтору өз-өзүнчө иштеген.

Бирок кайсы бир жерде техника үзгүлтүккө учурап калса, техниктерди чакырууга туура келерин тажрыйба көрсөттү. Бул убакытты алып, ыңгайсыздыктарды түздү. Ошол себептүү бул жылы биз операторлорду универсал болууга үйрөтүүгө аракеттендик. Аларды эки жума бою окуттук. Абдан айырмалангандарга Шайлоочулардын эл аралык ассоциациясынын сертификаты тапшырылды, ал биздин операторлорго башка өлкөлөрдөгү шайлоолорго катышууга мүмкүндүк берет”, деп билдирди Н. Шайлдабекова.

 

КР БШКнын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1114). 10 Декабря 2016 г.