МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Ислам кызматташтыгы уюмунун миссиясынын башчысы Али Аболхассани: “Өз тажрыйбабызга таянып, биз Кыргызстанда референдум ийгиликтүү өтөрүн болжолдой алабыз”

8-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумда “макул” үгүт тобунун жетекчиси Алга Кылычов менен Ислам кызматташтыгы уюмунан (ИКУ) Кыргызстанга келгенТуруктуу жана ыйгарым укуктуу элчи Али Аболхассани Шахреза башында турган байкоочулар миссиясынын делегациясынын жолугушуусу болду.

Жолугушууда меймандар үгүт жүргүзгөн топтордун иши менен тааныштырылды. А.АболхассаниИКУмиссиясыКонституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумда “макул” жана “каршы” үгүт топторунун көз караштарын уккусу келерин белгиледи. “Биз биякка айыптоо үчүн эмес, шайлоого даярдыкка жана анын жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн келдик”, деди ал. Өз кезегинде А.Кылычовреферендумүчүнүгүт жүргүзүп жаткан топтордун баары эл ичинен чыкканын белгиледи.

“Түзөтүүлөрдү киргизүү демилгеси Кыргызстандын көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн коргоого багытталганын элге түшүндүрүп жатабыз. Мисалы, Азимжан Аскаров Кыргызстандын Жогорку Соту тарабынан өлкөнүн түштүгүндөгү кылмышы үчүн күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Бирок БУУнун Адам укуктары боюнча комитети өлкөнүн бийлигинен ишти кайра карап чыгууну талап кылган. А тургай, А.Аскаровду дароо бошотууну талап кылды. Көрсө, биздин мыйзамга ылайык эл аралык уюмдар бизге ойлорун таңуулай алат экен. Ушуга байланыштуу биз негизги мыйзамдарга демилгеленип жаткан өзгөртүүлөр – зарылдык деп эсептейбиз.

Кыргызстан - өз мыйзамдары бар көз карандысыз мамлекет. Биз, албетте, эл аралык уюмдарды, алардын сунуштарын урматтайбыз, бирок биз эгемендүү мамлекет катары өз алдыбызча чечим кабыл алуу колубуздан келет”, деди ал. ИКУ миссиясынын башчысы Кыргызстанда демократиялык процесстер башка өлкөлөрдөгүгө караганда кыйла өнүккөнүн белгиледи. “Биз мурда КРдеги парламенттик шайлоого байкоо жүргүзгөнбүз. Биз ал шайлоо ачык жана жакшы уюшкандыкта өттү деп эсептейбиз.

Эң негизгиси – ал эл үчүн жеткиликтүү өттү. Биз референдумдун жыйынтыктары элдин каалоосун чагылдырат деп ишенебиз. Адамдарда тандоо эркиндиги болсо, алар эч качан жаман нерсени тандабайт.Өз тажрыйбабызга таянып, биз Кыргызстанда референдум ийгиликтүү өтөрүн болжолдой алабыз”, деп билдирди А.Аболхассани.

 

КР БШК басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1087). 9 Декабря 2016 г.