МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү 2012-жылдын 24-ноябрында өткөрүлөт

Добуш берүүчү жадан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө бир календарлык күн калганда гана б.а. 2012-жылдын 24-ноябрында өткөрүлөт.

Бул үчүн 2012-жылдын 22-ноябрына чейин участкалык шайлоо комиссияга добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүктү берүү жөнүндө жазуу түрүндөгү арызды же оозеки карылууну (башка адамдар аркылуу берилгенди эсепке алганда) берүүгө тийиш

Эскерте кетсек, шайлоочулардын тимелерине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган шайлоочулар, шайлоо өткөрүлө турган администрациялык-аймактык бирдиктин алыскы жана жетүүгө кыйын жерлерде, малды жайытка алып чыккан участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар, добуш берүү күнү ооруканаларда, кылмыш жасоого күнөлүү же айыпталуучу катарында камакта кармалган жайлардагы шайлоочулар алар шайлоо өткөрүлө турган тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алардын убактылуу жүргөн жери ошол эле  администрациялык-аймактык бирдиктин аймагына кирген шартында, жүргөн жери боюнча добуш бере алышат.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1707). 11 Ноября 2012 г.