МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШКтөрагасынын маалыматжыйыны: “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө талапкерлерге, саясий партияларга бирдей шарттар кепилденет”

2016-жылдын 11-ноябрында маалыматжыйынынын жүрүшүндөКР БШК төрагасыНуржанШайлдабекова шайлоо алдындагы үгүт иши башталганын билдирип, “Кыргызстандын мыйзамдары тарабынан шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө талапкерлерге, саясий партияларга бирдей шарттарды кепилдей” турганын белгиледи. Ошондой эле, жыйында Борборшайкомдун башчысышайлоо алдындагы үгүт ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча жумушчу топтун жетекчилери - КР БШК мүчөлөрүНазарали  Арипов менен Кайрат Осмоналиевди журналисттерге тааныштырды.

Жумушчу топтун жетекчиси Назарали Ариповшайлоо алдындагы үгүт ишине катышкан саясий партиялар менен ЖМКларды шайлоо алдындагы үгүттөө укугун кыянат пайдаланбоого, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 28-беренесинин ченемдерин сактоого чакырды. Ал беренеге ылайык “шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги менен кыянаттык кылууга жол берилбейт: улуттук, этностук, расалык, диний, регион аралык жек көрүүнү, кодулоого чакырган гендердик жана башка социалдык артыкчылыкка пропагандалоого, бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга чакырыктарга; согушту пропагандалоого; башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөтүн пайдалануу менен фото жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пайдалануунун башка түрлөрүнө тыюу салынат.”

Шайлоо алдындагы үгүт ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Кайрат Осмоналиевкатышуучуларга шайлоочуларды сатып алууну жүзөгө ашырууга, анын ичинде, акча каражаттарын төлөп берүүгө; белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатууга; саясий партиянын символун, талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды албаганда, ар кандай товарларды акысыз таркатууга; акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүүгөтыюу салынары тууралуу маалымат берди. Ошону менен бирге, Кайрат Осмоналиев “укук коргоо органдары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана табылган фактылар менен көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз маалымдоого милдеттүү” экенин белгиледи.

 

КР БШКнын басма сөз кызматы

 

Карап чыгуулар: (990). 13 Ноября 2016 г.