МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШКтөрагасынын маалымат жыйыны: “Республика боюнча шаардык кеңештердин 595 мандатына каттоодон өткөн 35 саясий партиядан 7 211 талапкер ат салышууда”

2016-жылдын 11-ноябрында маалыматжыйынында Борборшайкомдун башчысы Нуржан Шайлдабекова жыйындын катышуучуларын шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого катышып жаткан саясий партиялардан талапкерлердин тизмелерин каттоонун алгачкы жыйынтыктары менен тааныштырды.

Берилген маалыматка ылайык шаардык кеңештерге кезектеги шайлоо 21 шаарда жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо 1 шаардык кеңешкеөткөрүлөт.Республика боюнча шаардык кеңештерге шайлоого 35 саясий партия катышат. Республика боюнча шаардык кеңештердеги595 мандатка 7 211 талапкер каттоодон өтүп, ат салышууда. “СДПК”, “Республика–Ата-Журт”саясий партиялары республиканын бардык шаардык кеңештерине шайлоого катышуу үчүн өз талапкерлеринин тизмелеринкаттоодон өткөрүштү, «Өнүгүү-Прогресс» партиясы шайлоого катышуу үчүн 20 шаардан,“Кыргызстан”партиясы 17 шаардан өз талапкерлеринин тизмелеринкаттоодон өткөрүштү.

КР БШК төрагасы “саясий партиялар өлкөнүн борборунда кыйда активдүүлүк көрсөткөнүн”,“Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн 14 саясий партиянын 1 115 талапкеринин тизмелери катталганын”белгиледи.

Баткен облусунда референдум менен бирге шаардык кеңешке шайлоо 6 шаарда өтөт. Баткен шаардыккеңешке шайлоого 7 партия катышат, каттоодон өткөн талапкерлердин жалпы саны – 338 адам.

Ош облусунда шайлоо Өзгөн шаарында өтөт, ага 4 саясий партия катышат.Тизмеде катталган 197 талапкер бар, алар 31 мандат үчүн ат салышат.

Жалал-Абад облусунда шаардык кеңешке шайлоо 5 шаарда өтөт. Облус боюнча Кара-Көл шаарында партияларкыйла активдүүлүктү көрсөтүштү, анда 9саясий партиянын 460талапкери каттоодон өттү. 

Талас облусунда Талас шаардык кеңешке шайлоого 7 саясийпартия катышат, анда 353 талапкер шаардык кеңештеги31 мандат үчүнкүрөшөт.

Чүй облусу боюнча шайлоо 5 шаарда өтөт. Партиялар Кара-Балта шаарында өзгөчө активдүүлүктү көрсөтүштү, анда 11 партия тизмелерин беришти, 624 талапкершаардык кеңештеги31 мандат үчүнат салышат.

Нарын облусунда Нарын шаардык кеңештеги31 мандат үчүн 8 саясий партиядан 421 талапкер катталды. 

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү шаардык кеңешке шайлоого 9 партия   катышат.Каттоодон өткөнталапкерлердинжалпы саны -  286 адам,талапкерлершаардык кеңештеги 21 мандат үчүн күрөшөт.

Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларындаталапкерлеринин тизмелерин каттоодон өткөргөнсаясий партиялардын саны тууралуу кеңири маалымат менен Сиз мында тааныша аласыз.

КР БШКнын басма сөз кызматы

 

 

 

 

 

 

Карап чыгуулар: (1198). 13 Ноября 2016 г.