МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто айыл өкмөтүнүн жана Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчылары шайланды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.

2013-жылдын 23-августунда Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто айыл өкмөтүнүн, Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү.

Ош облусунун Ноокат районундагы Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп – Мадимаров Нуридин Султанович, Чүй облусунун Панфилов районундагы Орто айыл өкмөтүнүн башчысы болуп – Арыков Эркин Улукбекович, Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Кушчубаев Арфел Талантбекович шайланды.

Аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына – айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү милдети тапшырылды.

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1562). 5 Сентября 2013 г.