МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кербен шаарынын мэри жана айыл өкмөттөрдүн башчылары шайланды

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги отуруму өттү, анда “2013-жылдын 23-жана 28-майында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алынды. Кабыл алынган токтомго ылайык Апсаматов Абдумалик Рысбекович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэри,   Алимбеков Махаматмуса Мамалатипович Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнүн башчысы, Бегматов Камалидин Хабибиллаевич Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы, Торобеков Сабит Мухамеджанович Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы, Манапов Азизбек Кубанычбекович Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланышты.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан “Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомдун долбоору каралып чыгып, кабыл алынды.

                        Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2117). 4 Июня 2013 г.