МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы шайланды

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (Бишкек АШК) биринчи жыйналышы 2012-жылдын 28-февралында болуп өттү.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык КР БШК төрагасы Т. Абдраимов бул комиссиянын биринчи жыйналышын чакырган.

Жыйналышта Бишкек АШКнын мүчөлөрү толук курамда “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
23-беренесинин 5-бөлүгүн аткарышып, комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлоо жөнүндө маселени карашты.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча көпчүлүк добуш менен Маматов Кайрат Адамкалиевич Бишкек АШКнын төрагалыгына шайланды. О.Шербинанын комиссиянын катчылыгына талапкерлиги да бир добуштан колдоого алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма-сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2132). 15 Марта 2012 г.