Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган массалык маалымат каражаттары үчүн маалымат |
Кыргыз Республикасынын Президентинин«Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» 2013-жылдын 4-июлундагы № 156 Жарлыгы “Эркин Тоо” газетасынын 2013-жылдын 5-июлундагы санына жарыяланды. КР айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы республиканын массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо иши башталгандыгы тууралуу маалымдайт. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 20-бөлүгүнө ылайык, шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган массалык маалымат каражаттары обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 15-июлуна чейин) жарыялоого жана Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын ММКлары аккредитациялоо үчүн 2013-жылдын 16-июлуна чейин, Борбордук шайлоо комиссиясына: - шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүү-кат, анда ММК жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты, даректери жана байланышуу үчүн зарыл маалыматтары; - ММКнын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн Уставынын көчүрмөсү; - төлөөнүн шарттары жана өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтар жарыяланган газетанын номеринин көчүрмөсү тапшырылышы керек. Кең-кесири маалымат алуу үчүн 0 312–62 62 86 телефон аркылуу кайрылсаңыз болот. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы т. 62-62-86; 62-01-50
|
Карап чыгуулар: (1564). 8 Июля 2013 г. |